akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-29-05, 10:43

    Ишкерлерге жаңы ККМ аппараттар акысыз берилүүдө

    Мамлекеттик салык кызматы гибриддик контролдук-кассалык машиналарды ишкерлерге акысыз бере баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, ар кандай себептерден улам өз алдынча сатып ала албаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында кассалык машиналарды чыгаруу этап-этабы менен жүргүзүлөт. Бардыгы болуп 32 миң кассалык аппаратты чыгаруу пландалууда. 

    “Контролдук-кассалык машинаны алуу үчүн ишкерлер салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз менен кайрылышы керек”, - деп айтылат маалыматта.