akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-27-04, 06:27

    Ысык-Көлдөгү пансионаттарды курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат

    Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

    Жарлыкка ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тарта Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик поселоктордун, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө тыюу салынат.

    “Учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүүдө, ал көл комплексинин рекреациялык баалуулугунун төмөндөшүнө алып келди жана болуп жаткан терс тенденциялар сакталган учурда кайтарылгыс экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн. Көлдү жана Ысык-Көлдүн аймагын булгоонун негизги булактарынын бири Ысык-Көлгө куюучу дарыялардын жээгиндеги зоналарда жана жээктеринде жайгашкан шаарлар жана калктуу конуштар болуп саналары белгиленет. Ысык-Көлдүн тазалыгына түздөн-түз жээктеги зонада жайгашкан жана иштеген жана ишенимдүү тазалоочу курулмалар менен жабдылбаган жүздөгөн пансионаттар жана эс алуу үйлөрү олуттуу терс таасирин тийгизүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

    Мындан тышкары, жарлыктын алкагында аймактагы экологияны сактоого байланыштуу бир катар тапшырмалар берилип, министрлер кабинети 2023-жылдын 1-январына чейин “2023-2026-жылдары Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү” комплекстүү мамлекеттик программасын иштеп чыгып, аны бекитүүгө милдеттендирилди.