akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-06-06, 03:24

    Баткенде Өзбекстанга мыйзамсыз ташылып бараткан 2 млн сомдук дары-дармек аныкталды

    Баткен облусунун Кадамжай районунда чек арачылар тиешелүү документтери жок дары-дармектерди табышты.

    Дары-дармектер Өзбекстандын аймагына андан ары ташуу үчүн алынып бараткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн баасы 2 миллион сомго жакын.

    "Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочу жана жүк кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", — деп билдирди Чек ара кызматы.