Жарыяланган
2025-02-04, 15:08"Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому өзүнүн баалуу кагаздары боюнча дивиденддерди төлөп жатканын жарыялады. 2025-жылдын 31-мартында кабыл алынган чечимге ылайык, бир акцияга дивиденддин өлчөмү 16,2273 сомду түзөт.
Төлөм 2025-жылдын 3-апрелинде накталай түрдө компаниянын кассасы аркылуу (Кайыңды ш, Мир көч., 1) же акционердин банктык эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт.
Дивиденддерди алуу укугу 2025-жылдын 10-мартына карата реестрде катталган акционерлерге берилген.
Жалпысынан компаниянын жүгүртүүдө 2 миллион 339 миң 880 акциясы бар жана төлөмдөрдүн жалпы суммасы 37,9 миллион сомду түзөт.