Жарыяланган
2025-13-01, 11:36Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунун аймагындагы пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө "Капстрой KG»" ЖЧКсынын объектисинде жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулгандыгын аныктады.
Компания 2024-жылга макулдашылган чыгарууга уруксаты жок булгоочу заттарды атмосферага чыгарууну ишке ашырганы аныкталган.
Бул мыйзам бузуу үчүн ишкананын администрациясына 28 миң сом айып салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ишканаларды экологиялык мыйзамдарды так сактоого чакырып, айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн текшерүүлөрдү улантарын эскертет.