Жарыяланган
2024-20-12, 15:32Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 25 млн сомдук 50 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен жер тилкеси мыйзамсыз дыйкан чарбанын менчигине бекитилип берилгендиги аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, тийиштүү соттук акты менен толук канааттандырылган.
Соттук актылардын негизинде жер муниципалдык менчикке кайтарылды.