akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-18-12, 16:30

    Кара-Кулжанын Токбай-Талаа айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

    Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Токбай-Талаа айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

    Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим айылда ичүүчү суу үзгүлтүккө учураганына байланыштуу кабыл алынды.

    Маалыматка ылайык, аталган айылга таза суу тартылып келген түтүктөр сууктан улам тоңуп, 380 метр суу түтүгү иштен чыгып калган. Мунун айынан 4 миң 581 адам жашаган айылга бир топ күндөн бери суу жетпей жаткан. Учурда кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштер жүрүүдө.


    Тектеш материалды окуу