Жарыяланган
2025-20-02, 11:40Ош облусунун Кара-Суу районундагы жер көчкү коркунучу жогору болгон аймакта 37 үй-бүлө жашайт.
Өзгөчө кыдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, аларга мамлекет жардам көрсөтүп, коопсуз жайга көчүү үчүн жер тилкелери берилгенине карабастан, жашоону улантууда.
Мекеме жыл сайын бул аймактын тургундарына жер көчкү коркунучу тууралуу эскертүүлөрдү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Бирок майнап чыкпай жатканы белгиленди.