akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-07-08, 07:54

    Караколдо жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылат

    Жылдын аягына чейин Каракол, Кара-Балта жана Талас шаарларында жаңы форматтагы калкты тейлөө борборлору ачылат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева маалымат жыйынында билдирди.

    Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 37 жаңы форматтагы калкты тейлөө борборлору иштеп жатат, анын ичинен 2 калкты тейлөө борбору 2024-жылдын биринчи жарымында – Балыкчы шаарында (Ысык-Көл облусу) жана Ноокен районунун Масы айылында ишке берилген. 

    “Жыл аягына чейин ушундай эле калкты тейлөө борборлорун Каракол, Кара-Балта жана Таласта ачуу пландалууда”, - деди ал.