akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-22-02, 03:44

    Катар өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 9,3 млн доллар жардам берет

    Катар өнүктүрүү фонду 9,3 млн долларга Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын кошумча имаратын курууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.  

    Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Катар өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Халифа бин Жасим Аль-Кувари  менен Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын кошумча имаратын куруу долбоорун талкуулады.