Жарыяланган
2024-01-03, 09:44Казакстанстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборундагы аварияны жоюу үчүн гуманитардык жардам жөнөтүү тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 2 миң тонна дизель майы жөнөтүлгөн. 1 миң тонна дизель түрүндөгү гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 2024-жылдын 28-февралында Казакстандын “Резерв” жана “Заря” филиалынан жөнөтүлгөн. 17 вагон цистернага салынган жүк Бишкекке жеткирилип, Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилет.