akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-22-09, 04:20

    Казакстан Кыргызстанга мурда алган электр энергиясын кайра кайтара баштады

    Товар алмашуу келишимине ылайык Казакстан Кыргызстанга электр энергиясын кайтара баштады. Бул тууралуу «Улуттук энергетикалык холдинг» ААКсынан билдиришти.

     

    [news 28182]

    Улуттук энергетикалык холдингден белгилешкендей, КР өкмөтүнүн буйругуна ылайык «Электр станциялары» ААКсы Казакстандын тиешелүү энергетикалык компаниясы менен 300 млн кВт/саат (чейинки) көлөмдө электр энергиясын алмашуу тууралуу келишим түзгөн.

    Келишимге ылайык 2020-жылдын июнь айынан август айына чейин Кыргызстан Казакстанга 300 млн кВт/саат электр энергиясын берген.

    «21-сентябрдан тарта Казакстан тарап мурда алган электр энергиясын кайра кайтара баштады», - деп билдирет Улуттук энергетикалык холдинг.