Жарыяланган
2021-24-08, 08:05"Унаа" мамлекеттик мекемеси улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө бланктарды чыгаруу боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.
Тендердик табыштаманын жалпы баасы 169,5 миллион сомду түзөт. Бул каражатка мамлекеттик мекеме 1,5 миллион айдоочулук күбөлүккө заказ берүүнү пландап жатат. Бир айдоочулук күбөлүктү даярдоого 113 сом бөлүнгөн.
Буйрукту аткаруу мөөнөтү 2025-жылга чейин коюлган.