Жарыяланган
2022-17-01, 04:58Бүгүн, 17-январдан тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Кең-Булун-авто жол” жана “Токмок-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүп баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти.
17-январь саат 10.00 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында кырдаал туруктуу.
Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагынан жарандардын өтүүсүнө коюлган чектөөлөр:
Кыргызстандын “Каркыра-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайынан Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана чыга алышат.
Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Кыргызстандын “Ак-Тилек-авто жол”, “Чалдыбар-авто жол” жана “Чоң-Капка авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.
Бош оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана Кыргызстандын “Кең-Булун-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Кыргызстандан Казакстандын аймагына чыга алышат.
"Өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок",- деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, УКМКнын Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин эскертет.