Жарыяланган
2024-06-12, 10:00"Айыл Банк" ААКсы сиздин аманаттарыңыздын ишенимдүү сакталышын жана пайыз түрүндө киреше алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган депозиттик продукттардын кеңири спектрин сунуштайт. Банктык аманаттар жеке жана юридикалык жактар үчүн каралып, ар бир кардар үчүн ыңгайлуу шарттарды кепилдейт.
Негизги депозиттик сунуштар:
• "Кенч" мөөнөттүү депозити – жогорку пайыздык чен менен максималдуу киреше алууну каалаган кардарлар үчүн. Депозиттин минималдык суммасы – 1 000 KGZ/20 USD/1 000 RUB. Мөөнөтү – 1 айдан 36 айга чейин. Максималдуу эффективдүү пайыздык чени 14%га чейин.
• Пенсионерлер үчүн «Ардагер» депозити – пенсия курагына жеткен кардарларга арналган. Депозиттин минималдык суммасы – 1 000 KGZ/20 USD/1 000 RUB. Мөөнөтү – 3 айдан 24 айга чейин. Максималдуу эффективдүү пайыздык чени 13,5%га чейин.
• «Керемет» топтолуучу депозити – депозиттерди толуктоо менен туруктуу киреше алууга умтулган кардарлар үчүн арналган. Депозиттин минималдык суммасы – 1 000 KGZ/20 USD/1 000 RUB. Мөөнөтү – 12 айдан 24 айга чейин. Максималдуу эффективдүү пайыздык чени 12, 5%га чейин.
• “Наристе” балдар депозити – балдарынын келечегин камсыздоосун пландаштырган кардарлар үчүн салым. Депозиттин минималдык суммасы – 1 000 KGZ/100 USD/5 000 RUB. Жайгаштыруу мөөнөтү – 12 айдан 36 айга чейин. Максималдуу эффективдүү пайыздык чени 12%га чейин.
• Топтолуучу-чыгыштоочу “Алтын” депозити – жогорку пайыздык аркылуу максималдуу киреше алуулну каалаган адамдар үчүн. Депозиттин минималдык суммасы – 5 000 KGZ/100 USD/5 000 RUB. Жайгаштыруу мөөнөтү – 3 айдан 24 айга чейин. Максималдуу эффективдүү пайыздык чени 8%га чейин.
• “Аракетке-Берекет” топтолуучу депозити – жеңилдетилген шарттарда кредит алуу мүмкүнчүлүгү менен каражат топтоону каалаган жеке жана юридикалык жактар үчүн арналган. Депозиттин минималдык суммасы – 10 000 KGZ. Жайгаштыруу мөөнөтү – 12 айдан 36 айга чейин. Максималдуу эффективдүү пайыздык чени 3%га чейин.
• "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозити – Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган (Кыргыз Республикасынын жарандары жана кайрылман статусундагы) толук жетим балдар үчүн арналган. Максаты – алардын ден-соолугун чыңдоо, турак-жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. Депозит бала 18 жашка толгондо колдонууга берилет. Депозиттин суммасы баланын жашына жараша (0 жаштан 18 жашка чейин). Пайыздык чен – жылдык 12%. Баланын 18 жашка толгон учурда эсебинде 500 000 сомго чейин топтому болушу каралган.
Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн банк «АБ24» мобилдик тиркемесин сунуштайт, ал аркылуу сиз депозиттерди өз алдынча ачып, эсептерди 24/7 режиминде аралыктан башкарсаңыз болот.
Депозиттик өнүмдөр жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн банктын@ab.kg расмий сайтына кириңиз.
КР УБ лицензиясы №048