Жарыяланган
2024-11-10, 14:26Келерки аптада Боом капчыгайында кооптуу таштар кулатылат.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 14-18-октябрь аралыгында Бишкек-Торугарт унаа жолунда таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жол жарым-жартылай тосулат.
Трассаны тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат. Мындай иштер сел жана таш кулоолордун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.