Жарыяланган
2025-21-02, 17:50“KICB” ААКсы орус рубли менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн корреспондент банктын алмашканын билдирди.
Тактап айтканда, 1-марттан тарта рублдагы бардык төлөмдөр Москва шаарында жайгашкан “MBA-MOSCOW” ЖЧК жаңы корреспондент-банк аркылуу ишке ашырылат.
Ушуга байланыштуу, банк бардык кардарларды жана өнөктөштөрдү өзгөртүүлөргө көңүл бурууну жана рубль менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн өз маалыматтарын жаңыртууну өтүнөт.