Жарыяланган
2024-14-03, 07:43“Ак-Тилек-автожол” жана “Чалдыбар-автожол” өткөрүү пункттарында жүк ташуулардын сезондук көбөйүшүнө байланыштуу унаалардын узун кезеги пайда болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 12:30га карата Кыргызстандан чыга турган “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдында 430 жүк ташуучу унаа чек арадан өтүү үчүн кезекте турат. Жалпысынан акыркы суткада бул өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандан Казакстанга 342 унаа чыккан.
“Чалдыбар-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандан Казакстанга бараткан 90 жүк ташуучу унаа катталды.