Жарыяланган
2024-22-10, 09:05Москвадагы кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен беш документке кол коюлду.
Жолугушуу эки өлкө премьер-министрлери Михаил Мишустин менен Акылбек Жапаровдун ортосунда болду. Анда саламаттык сактоо, медициналык билим берүү жана илим, эл аралык унаа транспорту, транспорт тармагында кадрларды даярдоо, калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу, пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара кызматташуу боюнча документтер жетишилди.