akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-10-07, 04:45

    «Кыргызкурулуш» ишканасынын жетекчиси дайындалды

    Максат Алмаз уулу Мамлекеттик курулуш комитетине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

    Ал буга чейин Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

    Мамлекеттик курулуш комитети белгиленгендей, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы генподрядчы жана Кыргызстан үчүн маанилүү социалдык объектилерди куруучу катары ишин улантат.

    Адыл Токтогулов мамлекеттик ишкананын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

    “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 12-июнунда Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн.