akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-03-06, 03:10

    «Кыргызнефтегаздын» акциялары 5 млн сомдон ашык каражатка сатылды

    31-майда Кыргыз фондулук биржа системасында “Кыргызнефтегаздын” акциялары боюнча ири бүтүм катталды. Бул тууралуу КФБ билдирди. 

    Жалпысынан экинчилик рыноктогу соодалоонун жүрүшүндө “Кыргызнефтегаздын” 28 миң 541 жөнөкөй акциясы сатылды. Бир нускасынын баасы 200 сом, бүтүмдүн жалпы суммасы 5 млн 708 миң 200 сомду түздү.

    Кошумчалай кетсек, 21-майда компаниянын акциялары 250 сомдон болгон. Ошентип, сооданын жыйынтыгы боюнча акциялар 50 сомго арзандады.

     


    Тектеш материалды окуу