Жарыяланган
2021-29-04, 09:05Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай бөлүгүндөгү "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрүү пункттары 1-майдан 4-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечимди Кытай тарап Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу кабыл алган.
Өткөрмө пункттар 5-майдан тарта Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына товар ташууну гана камсыз кылган алгоритмге ылайык ишин жандандырат.