Жарыяланган
2025-11-04, 09:55Быйыл үч айда мамлекеттик карызды (ички жана тышкы карыз) төлөөгө 19 млрд 954 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтында айтылат.
Тышкы карызды берүүгө 12 млрд 936.8 млн сом жумшалган. Анын ичинен 11 млрд 267.4 млн сому негизги сумманы, 1 млрд 657.1 сому үстөк пайызды төлөөгө кеткен. Андан тышкары 12,3 млн сомду башка чыгымдар түзгөн.
Ал эми калган 7 млрд 17.2 млн сом ички карызды жабууга жумшалган. Анын ичинен 3 млрд 939.5 млн сом негизги сумманы, 3 млрд 77.7 млн сом үстөк пайызды төлөөгө кеткен.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 580 млрд 560.55 млн сомду түзгөн. Анын ичинен 397 млрд сомдон ашыгы тышкы карыз, 183 млрд 560.11 млн сому ички карыз болуп саналат.