Жарыяланган
2024-13-12, 08:40Ушул жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан чет мамлекеттерге дээрлик 14 тонна алтын сатты. Улуттук статистика комитети билдиргендей, андан түшкөн сумма 1 млрд доллардан ашты.
Алтын былтыркы он айдагы көрсөткүчкө караганда быйыл 7% көп сатылган жана андан түшкөн киреше 32% көп болду.
Алтындын көбүн Улуу Британия сатып алган, экинчи орунда Кытай турса, андан кийин Швейцария жана Бириккен Араб Эмирликтери турат.