Жарыяланган
2025-07-02, 15:15Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, силкинүү бүгүн саат 10:45те болуп, очогунда күчү 4 баллга жетти.
Жердин титирегени Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит жана Шибээ айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.