akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: WWW

    Жарыяланган

    2021-29-06, 12:00

    Кыргызстан Түркияга учуу каттамдарынын санын көбөйтөт

    "Манас" эл аралык аэропорту 2-июлдан тарта Түркияга каттамдардын көбөйгөнүн билдирди.

    Каттамдар "Пегасус" авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлүп, дагы үч каттам Стамбул-Бишкек-Стамбул маршруту боюнча жүргүзүлөт. Эми бардыгы болуп жумасына 10 каттам жүрөт.

    Ошондой эле "Пегасус" авиакомпаниясы 6-июлдан тарта дагы бир каттам кошот. Ал Анталия-Бишкек-Анталия багыты боюнча болуп, жумасына жалпы беш каттам жүрөт.

    Ал эми "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы ушул жылдын 1-июлунан тарта Стамбул-Бишкек-Стамбул маршруту боюнча дагы үч каттамды кошот. Баары биригип, жумасына жалпы 17 каттам болот.