akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-13-08, 09:30

    Кыргызстан Өзбекстандан 500 тонна жер жаңгак импорттоду

    2024-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстан 6 млн долларга 4,6 миң тонна жер жаңгак экспорттогон. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика агенттиги билдирди. 

    Жер жаңгак экспортунун көлөмү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50,7% өстү.

    2024-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстан эң көп жержаңгак экспорт кылган өлкөлөр:

    • Азербайжан — 900 тонна;
    • Казакстан — 600 тонна;
    • Орусия — 600 тонна;
    • Кытай – 300 тонна; 
    • Кыргызстан - 500 тонна;
    • Пакистан — 400 тонна.