Жарыяланган
2025-15-01, 10:10Кыргызстандын аймагында 500 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Шаймандар Дүйнөлүк банктын линиясы менен сатып алынып, жакында эле өлкөгө жеткирилген.
Белгилеп кетсек, аталган приборлор реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчтөрдү серверге берет, чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт жана электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.