akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-11-03, 09:00

    Кыргызстанда 55,5 миңдей үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф менен төлөйт

    Кыргызстанда 55,5 миңдей аз камсыз үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф менен төлөйт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

    Маалыматка ылайык, аларга айына 700 кВт/саатка чейин жарык керектөөдө 55 сом 4 тыйындан чегерилет. Ушул жылдын 1-февралына карата алардын саны 58 миңден ашык үй-бүлөнү түзөт.

    Ал эми айрым аз камсыз үй-бүлөлөр ижарага алынган батирлерде, өндүрүштүк жайларда, электр зымдары жок курулуштарда, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө жашагандыктан электр энергиясына жеңилдетилген тариф ала албайт. Мындай үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

     


    Тектеш материалды окуу