akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Жалал-Абад мэриясы

    Жарыяланган

    2024-20-08, 09:20

    Кыргызстанда айыл чарба техникалары 33% жетишсиз

    Азыркы учурда республика боюнча 80 миңден ашык айыл чарба техникалары бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди. 

    Анын ичинен тракторлор 21627 даана, дан комбайндары 1960 даана, соколор 10786, үрөн сепкичтер 3124, чөп чапкычтар 4185, прессподборщиктер 3017, тырмоолор 2880, үрөн тазалагычтар 740, трактор чиркегичтери 9364, малалар 14445, культиваторлор 3848, жер семирткич чачкычтар 670, кызылча комбайны 74, жүгөрү комбайны 127, пахта жыйноочу комбайны 4, картошка жыйноочу машинасы 780, арык казгычтар 367 жана башка техникалар. 

    Ошондой эле, өлкөнүн айыл чарба техникалар менен камсыз болуусу 67% түзөт. Ал эми калган 33% айыл чарба техникалары жетишсиз, башка айтканда республика 30 миңден ашык айыл чарба техника талап кылынат.