akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-22-10, 13:25

    Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиясы жогорулады

    Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиясы жогорулатылды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

    Каржы министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, сумма орто эсеп менен 1 миң 800 сомду түзөт. Муну менен аскер кызматкерлеринин орточо пенсиясы 18 миң 300 сомго жеткирилди.

    Белгилеп кетсек, аскер түзүмүндө иштөөсүн улантып, пенсия алгандар үчүн бул жогорулатуу тиешелүү эмес.


    Тектеш материалды окуу