akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-19-04, 22:18

    Кыргызстанда бир нече адистик боюнча сырттан окууга тыюу салуу пландалууда

    Кыргызстанда бир нече багыт боюнча сырттан окууга убактылуу тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик системадагы бюрократияны азайтуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын экинчи отурумунда сунушталганын Юстиция министрлиги билдирди. 

    Сунушка ылайык, юриспруденция, экономика, менеджмент жана эл аралык мамилелер боюнча сырттан окууну токтотуу маселеси каралууда. 

    Бул төрт адистик боюнча сырттан окугандар көп, бирок алардын арасынан ишке орношкондор аз. Адистерди даярдоонун сапатына үстүртөн мамиле жасалат, окугандар диплом алганы менен керектүү билим-тажрыйбага ээ болбой чыгат. Сырттан окугандардын окууга келгенине, аттестациядан өткөнүнө көзөмөл жүргүзүү кыйын болгондуктан, коррупциялык көрүнүштөр болот. 

    Мындан улам аталган мүчүлүштүктөрдү жоюп, билим берүү процессинин, бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгынын сапатын баалоо аяктаганга дейре, күндүзгү жана аралыктан окутуунун жаңы, аралаш түрүн иштеп чыкканга чейин аталган багыттар боюнча сырттан билим алууга тыюу салуу каралууда. 


    Тектеш материалды окуу