Жарыяланган
2025-30-01, 17:08Кыргызстанда диний уюмдарды каттоо убактылуу токтотулду. Тиешелүү арыздар азырынча кабыл алынбай турганын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кабарлады.
Аталган мекеме муну диний уюмдар боюнча маалымат базасын жаңыртуу иш-чаралары менен түшүндүрдү.
Эске салсак, ушул жылдын 1-февралынан тарта “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам күчүнө кирет.