Жарыяланган
2024-04-10, 11:30Кыргызстанда калктын саны жыл башынан бери 70 миң адамга, же 1 пайызга өсүп, 1-августка карата 7 миллион 231 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Калктын табигый өсүү көрсөткүчү жагынан Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары алдыда, ал эми эң төмөн көрсөткүч Бишкек менен Ысык-Көл облусунда.