Жарыяланган
2023-18-10, 06:16Жыл башынан бери калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери жалпысынан 6,2%га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин баяндамасында айтылат.
Ага ылайык, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 20,8%га өстү. Буга үйдөн, же ооруканага жатпай дарылануу, тийиштүү дарыгерден кеңеш алуу, диагноз коюу кызматтары кирет.
Ошондой эле, чач тарач кызматтарына баалар 13,8%га жана тигүү кызматына 12% өскөн.
Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы салыштырмалуу түрдө туруктуу. Ал 1%га өскөн.