akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-30-12, 11:32

    Кыргызстанда шайлоодо добуш саткандарга айып салуу сунушталууда

    Кыргызстанда шайлоодо добуш саткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин сайтына коомдук талкууга чыгарылды.

    Ага ылайык, добушун саткандар 100 миңден 200 миң сомго чейин айыпка жыгылат же 120 саат коомдук жумуштарга тартылат. Бирок жаран добушун сатып алуу аракети тууралуу эрте билдирсе, ал жоопкерчиликтен бошотулат.

    Мыйзам шайлоолордо добуш сатып алуу учурларын жоюу максатында иштелип чыккан.
     


    Тектеш материалды окуу