akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-04-06, 03:43

    Кыргызстанда темир жол менен жүк ташуу 6,9% азайды

    2024-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанда транспорттун бардык түрү менен 15,777 млн тонна жүк ташылды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

    Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1,27 млн ​​тоннага же дээрлик 8,8%га көп.  

    Бул мезгилдин ичинде автомобиль транспорту менен жүк ташуулардын көлөмү 12 млн 874 миң тоннага жетти. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1,428 миллион тоннага же 12,5%га көп. 

    Темир жол аркылуу 2 млн  701 миң тонна жүк ташылды. Бул былтыркыдан 0,199 млн тоннага же дээрлик 6,9%га аз. 

    Аба жүктөрүн ташуунун көлөмү 10,2 миң тоннага чейин өстү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 6 миң тоннага же 142,9%га көп.