akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-13-10, 04:45

    Кыргызстанда жүк ташуунун көлөмү 30.7% төмөндөгөн

    Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында транспорттун бардык түрү менен ташлыган жүктүн көлөмү, 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 6 млн 345.7 миң тоннага же 30.7% төмөндөгөн. Бул маалыматты Улуттук бизнес-ассоциация билдирди. 

    [news 28957]

    Андан сырткары, 2020-жылдын август айында транспорттун бардык түрү менен жүк айлануунун көлөмү, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 287.5 млн тонна-километрге же 17.5% кыскарган. 

    Белгилей кетүүчү нерсе, пандемия туристтик сферага дагы өз таасирин тийгизди. Туристтерди ташуудан түшкөн кирешенин көлөмү үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында 2 млрд 335.6 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 49.4% төмөндөгөн.