akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-14-10, 17:35

    Кыргызстандагы 40 айыл өкмөткө 450 миң доллардан берилет

    Кыргызстанда 40 айыл өкмөт ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга 450 миң доллардан алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин отурумунда белгилүү болду.

    Жалпы суммасы 27 миллион долларды түзгөн пайызсыз насыяны Дүйнөлүк банк берет. Анын 25 миллиону 50 жылга кредит болсо, 2 миллион кайтарымсыз грант.

    Каражат кайсы долбоорлорго багыттала турганы азырынча белгисиз.


    Тектеш материалды окуу