akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2023-14-11, 09:40

    Кыргызстандан Түркияга акча которуу 34,5%га кыскарды

    Сентябрь айында кыргызстандыктар тез которуу системалары аркылуу чет өлкөгө 35,2 миллион доллар которгон, бул бир ай мурункуга салыштырмалуу 7,6% аз. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

    Аталган каражаттын 32,3 миллион доллары Орусияга жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандан бул өлкөгө акчанын агылып чыгышы 1 миллион 800 миң долларга кыскарган, республикадан алыскы чет өлкөлөргө которуулар да 1 миллион долларга кыскарган.

    Пайыздык төмөндөө 32,3% түздү. Бул аталган мамлекеттерге которулган акча агымынын аздыгына байланыштуу (жалпысынан 2,1 млн. доллар). Атап айтканда, акча которуулар Түркияга 2,9 млн доллардан 1,9 млн долларга же 34,5%га кыскарган. 

    Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери Кыргызстандан жеке жактардан 360,1 миллион доллар сыртка чыгып, анын 294 миллион 780 миң доллары Орусияга кеткен.

     


    Тектеш материалды окуу