akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-26-02, 07:49

    Кыргызстандыктар үчүн ажылык сапар 3 миң 750 долларды түзөт

    Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылык сапардын баасын 3 миң 750 доллар деп белгиледи. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, зыяратчылар акчаны 27-февралдан 4-мартка чейин төлөшү керек.

    Буга чейин зыяратчылар “РСК банкка” 2 миң доллар салышса, эми калган 1 миң 750 долларды салышы керек.

    Эске салсак, быйыл Сауд Арабиясы 2024-жылкы ажылыкка Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн.