Жарыяланган
2024-07-02, 05:41Кыргызстандын алтын запасы 21,6 тоннага жакын. Бул тууралуу “World Gold Council” (Дүйнөлүк алтын кеңеши) жазды.
Бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 5,2 тоннага же 31,5%га көп.
Кыргызстан “World Gold Council” рейтингинде 63-орунда турат.
“Кыргызстанда 2000-жылдан 2023-жылга чейин алтындын запасы орто эсеп менен 5,73 тоннадан 21,6 тоннага жеткен”, - деп жазат Trading Economics басылмасы.