akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-16-10, 10:42

    Кыргызстанга кайткан мигранттардын саны көбөйүүдө

    Кыргызстанга кайткан мигранттардын саны көбөйүүдө.

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги изилдөөлөргө таянып билдиргендей, 2020-жылдан 2024-жылга чейинки аралыкта чет жактарда миграцияда жүргөн кыргызстандык жарандардын мекенине жапырт кайтуусу байкалган.

    Алсак, 2023-жылы көрсөткүч кескин көбөйүп, мурунку жылдарга салыштырмалуу 85% өскөн. Алардын басымдуу бөлүгү Баткен, Ош жана Чүй облустарынын тургундары.