akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2023-16-10, 03:35

    Кыргызстанга жасалма товарларды ташып келүү сегиз эсе өстү

    Былтыр, 2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинде 8,7 млн сомго жакын контрафакттык товар аныкталган. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын департаментинин директорунун орун басары Нуржамал Ильясова “Антиконтрафакт-2023” форумунда билдирди.

    Анын айтымында, бул 2021-жылга караганда эки эсе аз жана 2016-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

    “Контрафакттык (ред. оригинал эмес) продукциялар азыраак аныкталууда. Атап айтканда Арменияда — 20 эсе, Беларусияда — 3 эсе, Орусияда — 2,2 эсе”.

    Ошол эле учурда, аныкталган жасалма продукциянын саны: Казакстанда – 3,3 эсеге жана Кыргызстанда – 8 эсеге көбөйгөн.