akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-16-05, 07:51

    Ошто аткезчилик менен ташылган 72 млн сомдук дары-дармек аныкталды

    Ошто аткезчилик жол менен келген 72 млн сомдук дары-дармек аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. 

    Бажы жана УКМК кызматкерлери тарабынан 12-майда Достук алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайынын аймагында К.Н.Х. аттуу өзбек жаранынын башкаруусундагы “LABO LB2” үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

    Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 469 кг түзгөн дары-дармекке транспорттук коштомо кагаз табылган. Бирок жүк сактагычтан эч кандай жүк табылган эмес. Аталган дары-дармектер кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын чыга турган аймагынан табылган жана алардын салмагы 427 кг түзүп, 1340 таңгак болгон.

    “Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн баалоосуна ылайык, кармалган товардын жалпы баасы 72 млн 25 миң сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта. 

    Тишешелүү материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.