akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-03-06, 06:18

    Кытай Кыргызстанга доллар менен насыя берип келет, юандын үлүшү 2,1%ды түзөт

    2023-жылдын соңуна карата Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына 1 млрд 708,2 млн доллар карыз болгон, бул 152 млрд 172,5 млн сомго барабар. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

    Кыргызстандын тышкы карызынын 36,7% Кытайга туура келет, ал өлкөнүн эң ири кредитору болуп саналат.

    Ошол эле учурда Кытай Кыргызстанга негизинен АКШ доллары менен насыя берип келет, бирок юань менен алынган кредиттердин үлүшү өтө аз. Бул 2,1%дан араң ашат жана 98,22 млн долларды түзөт. 

    Натыйжада, Кыргызстандын тышкы карыздарынын негизги валюталары доллар жана ЭВФ менен эсептешүүдө колдонулган атайын карыз алуу укугу (СДР) болуп саналат. Алардын үлүшүнө жалпы тышкы карыздын 48,3% жана 36,5% туура келет.