akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-01-08, 09:25

    Кызыл-Омпол уран кени инвесторлор менен бирге иштетилиши мүмкүн

    Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү үчүн инвесторлор да тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев билдирди.

    Анын айтымында, Кызыл-Омполдун Таш-Булак тилкесиндеги кендин жалпы запасы 131 млн метр куб. Титаномагнетиттин кору 1,6 млн тоннаны түзөт. Ошондой эле ал жакта уран, торий, фосфор жана цирконий бар.

    “Биз лицензияны кечээ гана алдык. Эреже боюнча биз долбоорун түзүп, экспертизадан өтүп, андан кийин гана жумушка кирише алабыз. Азыр "Кыргызалтын" өз мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Инвестор да тартылышып да калышы мүмкүн”, - деди ал.

    Белгиленгендей, эгер Кызыл-Омполду иштетүүгө инвестор тартылып калса, Кыргызстандын үлүшү канча болору сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен билинет.