Жарыяланган
2025-10-04, 12:29Кыргызстанда күйүүчү майды милдеттүү маркалоо киргизилгенден кийин салыктык төлөмдөр 3,3 млрд сомго көп түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милдеттүү маркалоо киргизилгенден бери Салык кызматы менен "Учкун" ишканасы 853 миң 489,2 тонна күйүүчү майды маркалады. Алардын ичинен 396 миң 304,4 тоннасын дизель жана 457 миң 184,8 тоннасын бензин түзөт.
2024-жылдын октябрь айынан 2025-жылдын март айына чейин 2023-2024-жылдын ошол эле мезгилине караганда салык 3,3 млрд сомго көбүрөөк түшкөн. Анын ичинен акциз салыгы 700 млн сомго көп болгон.
Салык кызматы маркаланбаган күйүүчү май саткандарга айыппул, кылмыш жазалары каралганын эскертет.