akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-06-06, 09:07

    Депутат Өмүрзаков мамлекеттик банктардын ишин сынга алды

    Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков мамлекеттик банктардын калкка электрондук кызмат көрсөтүү боюнча ишин сынга алды. 

    Буга байланыштуу ал банктарга кызматкерлерди тандоого өзгөчө маани берүүнү сунуштады. 

    “Бардык мамлекеттик кызматкерлерди жана пенсионерлерди мамлекеттик банктар тейлейт. Бирок алар көрсөткөн кызматтардын сапаты, атап айтканда, электрондук кызматтардын сапаты өтө начар. Мындан улам адамдар жеке коммерциялык банктарга кетип жатышат. Бизге жакшы адистер керек”, - деди ал.