akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-02, 09:30

    Өкмөт өлкөдөгү арактын минималдуу баасын бекитти

    Министрлер кабинети өлкөдө арактын минималдуу чекене баасын бекитти. Бул тууралуу "Токтом" маалымат-укуктук порталына жарыяланды.

    Ага ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тарта даяр продукциянын 0,5 литри үчүн дүң сатуу 156 сом, чекене 158 сом болду. 

    Документте токтом бизнес үчүн бирдей шарт, рынокту легалдаштыруунун эсебинен бюджетке салык төлөмдөрдүн түшүүсүн көбөйтүү жана сапатсыз алкоголдук продукцияны азайтуу максатында кабыл алынганы айтылат. 

    Эскерте кетсек, 2022-жылдын сентябрынан тарта Кыргызстанда этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилген. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, Кара-Балта спирт заводуна этил спиртин өндүрүүгө жана импорттоого, ошондой эле өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга өзгөчө укук берген.